• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаров: Майлуу-Суу лампа заводу жогорку сапаттагы продукция өндүрүүсү керек

19 Бештин айы 2022 17:20 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын алкагында ишкананын ишмердүүлүгү жана айнек идиштерин чыгаруу, ошондой эле айнек эритүүчү мешти реконструкциялоо долбоорлору боюнча бет ачар сунушталды.

Белгилей кетсек, заводго 1 млрд сом өлчөмүндөгү бюджеттик кредит берилип, 400 млн сом өлчөмүндөгү биринчи транш бөлүнгөн.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, ишкана жогорку сапат стандарттарын жана өндүрүштүн натыйжалуулугун камсыз кылуу менен ишке толук кандуу киришүүгө тийиш.

«Завод керек болсо күнү-түнү, бир нече нөөмөт менен иштеши керек. Министрлер кабинети ишканага бюджеттик кредит берди жана биз насыя каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөйбүз. Шаардагы маанилүү ишкананын өндүргөн продукциясы бардык талап кылынган стандарттарга жана жогорку сапатка дал келиши керек. Завод бүтүндөй республиканы светодиоддук лампалар, ошондой эле атамекендик өндүрүш ишканаларын сапаттуу айнек идиштер менен камсыз кылышы зарыл», — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин чечими менен «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлүүчү товарлардын тизими бекитилген. Ишкана мамлекеттик жана бюджеттик уюмдарды, мамлекеттик менчик үлүшү бар ишканаларды продукция менен камсыздайт.

Мындай чечим «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунун жумуш орундарын кыскартууга жол бербөө жана анын каржылык абалын жакшыртуу, шаар түзүүчү ишканага колдоо көрсөтүү жана жарыктандыруу тармагын мындан ары өнүктүрүү максатында кабыл алынган.

Количество просмотров: 75