• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын жогорулатууга мораторий киргизди

9 Аяк оона 202411:07 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө мораторий киргизди. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.

Мораторий 2024-2026-жылдарга киргизилген. Маалым болгондой, мындай чечим мамлекеттик бюджеттин чыгашасын оптималдаштыруу максатында кабыл алынган.

Документке ылайык, мамлекеттик түзүмдөрдүн, комитеттердин, президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга тыюу салуу киргизилүүдө. Ошондой эле мамлекеттик органдардын штаттык санын кеңейтүүгө тыюу салынууда.

Ошол эле учурда кызматкерлердин эмгек акысынын өлчөмүн, ошондой эле штаттык структураны өзгөртүү өзгөчө учурларда президенттин өзүнчө чечими менен мүмкүн болот.

Эскерте кетсек, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы акыркы жолу 2022-жылдын көтөрүлгөн.

Количество просмотров: 160