• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жапаров мамлекеттик органдарды сынга алды

23 Жалган куран 2022 11:40 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрүп, анда 14 маселе каралды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, салык карыздарын өндүрүү тартиби жана кыйыр ыкмалардын негизинде салыктык милдеттенмелерди аныктоонун методологиясы бекитилди.

Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, 2022-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин Кыргызстанга импорттолуучу кумшекердин жана рафинаддалган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленген.

Белгилей кетсек, бир катар ченемдик-укуктук актылардын долбоорлору толуктап иштеп чыгууга жөнөтүлгөн

Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик органдар тарабынан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун даярдалышын сынга алып, бардык долбоорлор тыкыр укуктук жана экономикалык экспертизадан өтүшү керектигин белгиледи.

«Толук иштелип чыкпаган, чийки чечим долбоорлорун киргизүүгө жол берилбейт. Министрлер кабинетинин ар бир мүчөсү киргизилген долбоор үчүн жооп берет. Бул эсиңиздерде болсун. Чечимдин долбоору деталдуу жана такталган эсептөөлөр менен бекемделүүгө тийиш, бул өзгөчө билим берүү мекемелеринин курулушуна тийиштүү», — деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Количество просмотров: 174