• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

12 Аяк оона 2023 12:05 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам-белгилери ыйгарылган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Ардактуу сыйлык ээлери!
Заманыбыздын кадырлуу каармандары!
Урматтуу мекендештер!
Кечээ жакында эле Эгемендигибиздин 32 жылдыгын салтанаттуу түрдө белгиледик. Мына ошол Эгемен мамлекетибиздин, эркин элибиздин, демократиялуу коомчулугубуздун өзөгүн өз ишин берилип сүйгөн, жаратман, иштерман, чыныгы каармандар кармап турат.
Бүгүн мен дал ошол чыныгы каармандарыбыз: өлкөбүздүн өнүгүшүнө жан дили менен, көзгө көрүнүктүү иши менен орчундуу салым кошуп жаткан мекенчил мекендештерибиз, мээнеткеч инсандарыбыз менен жүз көрүшүп олтурганыма абдан кубанычтамын.
Себеби, “Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң” деп атактуу ойчул Арстанбек атабыз айткандай, эл сыйлаган, калк кастарлаган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу вазийпасын аткаруунун өзү эле чоң сыймык эмеспи.
Эң алды сиздерди мамлекеттик сыйлыктарыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Ар бир доордун өз каармандары болгон сыяктуу соңку тарыхта Кыргызстан башынан кечирген сынаакы учурларда да мекенчил инсандарыбыз чыкты. Айрыкча, бүгүнкү доордо: керт башынын, жакындарынын, тар чөйрөсүнүн гана камын жебей, көр тирликке моюн сунбай, өзүм дебей, өлкөм деп иштеген мекенчил инсандарыбыз мамлекеттин бакубаттуулугу үчүн ар кыл тармактарда өзгөчө эмгек сиңирип, Ата Журтка берилүүнүн үлгүсүн көрсөтүп келатышат. Биз – баарыбыз, албетте, ар кандай тоскоолдуктарга карабай, чыдамкайлыгын, сабырдуулугун, жаратмандыгын көрсөтүп, өлкөнүн алдыга жылышына бараандуу салым кошкон каармандарыбызга суктанабыз, алар менен сыймыктанабыз. Мындай мекендештерибиз кийинки муунга, жаштарга чоң түрткү, дем-күч болуп, алдыга умтулууга жетелейт.
Урматтуу сыйлык ээлери!
Мен сөзүмдү Эгемендигибиздин 32 жылдыгына карата көрүнүктүү мамлекеттик, саясий ишмер аталарыбыз Абды Сүйөркулов, Иса Ахунбаев жана Насирдин Исановго Кыргыз Республикасынын Баатыры, Түмөнбай Байзаковго “Эмгек Баатыры” деген жогорку наамдарды ыйгаруу боюнча чыгарган Жарлыктарыман баштоону эп көрүп олтурам. Чындыгында эле бул ысымдар мүлдө кыргыз журтчулугуна кеңири белгилүү экени талашсыз. Жогоруда айтканымдай, ар бир доордун өз каармандары болгон сыяктуу соңку тарыхта Кыргызстандын жүзүн, тагдырын, болмушун аныктай турган, жаркын келечекке багыттай турган өмүрү өрнөк инсандар – дал ушул аталарыбыз.
Алтын колдуу хирург Иса Коноевич Ахунбаев тууралуу ары узак дагы, ары кызыктуу дагы кеп кылса болот. Себеби, алгачкы операциясынан тартып, атак-даңк күткөндө дагы бейтаптарга боорукер, камкор мамиле кылгандыгы, алгач анын бийик адамгерчилик сапатынан кабар берип турат.
Ал эми таланттуу дарыгердин илимий эмгектеринин натыйжасы дүйнөлүк медицинанын баа жеткис байлыгына айлангандыгын анын шакирттери дайым эскерип келишет. Сапатка катуу көңүл бурган СССР маалында Ахунбаевди, ошол кездеги жаш окумуштууну Илимдер академиясынын биринчи президенти кылып бекеринен дайындабаса керек.
Богок оорусун айыктыруудагы эмгеги, кыргыз кардиохирургиясын түптөөдөгү орду жана башка эмгектери аны көзү тирүүсүндө эле легендага айландырган. Легендага айланган улуу инсандын балдары, неберелеринин көбү медицинаны тандап, таман акы, маңдай тердин натыйжасында Ахунбаевдердин династиясы жаралган.
Кезинде мамлекеттик кызматтын бардык баскычтарын басып өтүп, Соода министри, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин бир нече чакырылышынын депутаты, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасы, Министрлер Кеңешинин төрагасына чейин жеткен Абды Сүйөркуловдун эмгеги далайга даңкталаары турган иш.
Өкмөт башында турган мезгилде Улуттук илимдер академиясын, Опера жана балет театрын, Кыргыз мамлекеттик университетин ачтырып, бир катар өнөр жай ишканаларды курдурган. Бишкек — Ош унаа жолун салуу чечимин кабыл алгандыгы эле канча сөз кылууга арзыйт.
Кыргыз элинин таалайына жаралган Насирдин Исанов таланттуу жетекчи жана темирдей эрки бекем инсан катары өлкөбүздүн ар кандай тармактарында: мамлекеттик саясатта, курулушта, илимде, экономикада из кылтырды. Ал Эгемен Кыргызстандын Өкмөтүн жетектеген алгачкы Премьер-министр катары бир, “Кумтөр” алтын кени маселесинин кыргыз элинин кызыкчылыгына чечүүдө бекем позицияны карманып, өмүрүн берген мекенчилдиги менен экинчи ирет тарыхта калды.
Жамы кыргыз журтчулугунун жүрөгүнөн түнөк таап, экинчи гимн катары ырдалып келаткан айтылуу “Кыргыз жерин” жараткан кыргыз элине белгилүү акын, котормочу Түмөнбай Байзаковго “Эмгек баатыры” наамынын берилиши дагы элибиздин руханий көрөңгөсүн байытууга зор салым кошуп, адабият, маданият чөйрөсүндө өзүнүн орду бар чыгаан инсандардын эмгегин баалоо десек жаңылышпаймын.
Урматтуу мекендештер!
Биздин коомчулукта “көзү тирүүсүндө баркталса” деген сөздөр айтылып, бир катар кыргызстандыктардын аттары аталып калат. Чындыгында эле, “Өсөөр эл өзүн сыйлайт” эмеспи. Өз тармагынын устасы аталып, ысымдары калк арасына кеңири сиңген мындай жарандарыбыздын эмгеги татыктуу бааланууга тийиш!
Эң алды менен улуттун саламаттыгына, калкыбыздын ден соолугуна кам көрүүдө Ахунбаева деген зор ысымды татыктуу алып жүргөн, хирургдардын бүтүндөй бир армиясын даярдап чыгарган, медицина илимдеринин доктору Нелли Ахунбаеванын эмгеги бааланып, “Курманжан Датка” орденине арзып отургандыгынын өзү жалпы медиктерге чоң сыймык алып келет деп ишенем.
Кыргыз адабияты менен кыргыз саясатынын далай ой-кырларын басып өткөн илимдин дыйканы, саясаттагы тажрыйбасы менен Жогорку Кеңештин Төрагалыгына чейин шайланган белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, адабиятчы, филология илимдеринин доктору, академик Абдыганы Эркебаев агабыз быйыл туура 70ге келип, кутман куракта турат. Бул 70 жылдык өмүрүндө, айрыкча, эгемендикке ээ болгон мезгилде кызылдай эмгеги менен аталган эки тармактын эки тизгин, бир чылбырын колго алып, элине ак кызматын өтөдү.
Арабызда күн-түнү эмгек кылган, турмуштагы таасирлеткен окуяларды жан дүйнөсүнөн өткөрүп, көпчүлүктүн көөнүнө жаккан чыгармаларга айландырып келе жаткан акын, жазуучу, драматург Меңди Мамазаирова апабыз дагы 80 жашты багындырып, жогорку даражадагы орден менен сыйланып, бүгүнкү салтанаттын шаңына шаң кошууда.
Дегеле чыгармачылыктын дыйканы, көптөгөн жаш акындардын жана манасчылардын устаты Асан Жакшылыковдун, Ала-Тоодон ашып, алыска аты угулган акын-жазуучулардын бири Султан Раевдин, мамлекеттик деэгээлдеги иш-чараларга режиссерлук кылып таланты менен элге таанылган, бир топ белгилүү телефильмдерди жараткан Молдосейит Мамбетакуновдун, өмүрүн тобокелге салып, чакан учак менен жер шарын айланып, кыргыз желегин канчалаган өлкөлөрдө желбиретип, Кыргызстаныбызды таанытып келген Союзбек Салиевдин жана башка эл сыймыктарынын эмгегин дагы баалабай коюуга болбойт.
Арабызда олтурган Акиф Алафердов агабыз жеке эле медицина жаатында эмгек сиңирбестен, “Кыргызстан-Азербайжан” достук жана кызматташтык коомунун төрагасы катары эки өлкөнүн маданий, экономикалык, коомдук жана башка чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты тереңдетүүгө чоң салым кошуп келет. Ал интернационалист катары Кыргызстандын этносторунун маданий каада-салттарына, тилине жана руханий баалуулуктарына карата толеранттуулуктун, сый мамиленин үлгүсүн көрсөтүп, мынакей бүгүн “Достук” орденине арзып олтурат.
2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик чек ара аймагындагы куралдуу кагылышууда жайкын тургундардын өмүрүн сактап калууда жана эң негизгиси Ата Мекен чегине душман бутун тебелетпей, коргоп калууда берген антына бекем туруп өмүрүн арнаган Мыктыбек Мурзажанов, Уланбек Улукбеков, Айбек Ысманов сыяктуу баатыр жоокерлерибизге ар дайым башыбызды ийип таазим кылабыз. “Эрдик” медалына татыган эр-азаматтарыбыздын аркасынан Мекен чегин коргогон баатыр уулдарыбыз чыга берерине толук ишенебиз.
Бүгүнкү салтанаттуу жыйыныбызда мамлекеттик кызмат, медицина, билим берүү, маданият, адабият, токой чарбасы, коопсуздук, ойлоп табуучулук тармактарында “Эл артисти”, “Эл сүрөтчүсү”, “Эл акыны” ардактуу наамдарына, “Даңк” медалына татыган мекендештерибиз отурасыздар. Албетте, өлкөбүздүн өнүгүшүнө сиздер өз кесибиңиздер аркылуу ат көтөргүс зор иштерди жасап келесиздер. Мамлекетибизге, эли-журтубузга арнаган ак эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин өтөлгөлүү өмүрүңүздөр кийинки жаш муун үчүн мыкты өрнөк болсо, ишмердигиңиздер бийик үлгү болуп калат деп терең ишенем. Мекеним деген бийик сезим, көндүмгө айланган талбаган мээнет, сүйгөн кесибине берилүү сиздердин көкүрөгүңүздөргө бекем уюганын билем. Андан улам, мындан ары дагы Кыргызстандын өнүгүшү, калкыбыздын бакубаттыгы үчүн арыбай да, чаалыкпай да эмгектене берериңиздерге үмүт артам.
Дагы далай жетишкендиктерге жетип, албан-албан ийгиликтерди жарата бериңиздер!
Сыйлыгыңыздар кут болсун!
Бар болуңуздар!”

Количество просмотров: 269