Бүгүн, 7-июнда Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад ал-Тани менен президент Садыр Жапаровдун расмий жолугушуусу башталды.
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан жолугушууда эки өлкөнүн лидерлери тар жана кең форматта сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашат.
Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.