• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Жапаров менен Мишустин телефондон сүйлөштү

12 Теке 2022 10:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн сайты маалымдалат.

Өкмөт башчылар соода-экономикалык, энергетика, айыл чарба жана башка тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Ошондой эле алар ЕАЭБ алкагында өкмөт башчылардын боло турчу отурумунун алдында интеграциялык уюмдагы өз ара алакалардын тереңдеши боюнча да кеп кылган.

Кошумчалай кетсек, август айында Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын жетекчилиги менен  Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму өтөт.

Количество просмотров: 96