• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров мушкер Хабиб Нурмагомедов менен жолукту

5 Баш оона 2021 10:44 Бишкек Govori.TV

Мамлекет башчы Садыр Жапаров UFC уюмунун жеңилбес мушкери Хабиб Нурмагомедовду кабыл алды. Нурмагомедов президент менен жолуккан сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

«Садыр Жапаров менен таанышканыма кубанычтамын. «EFC» турнирин Кыргызстанда өткөрүүгө жардам берип, колдоо көрсөткөнүңүз үчүн ыраазычылыгымды билдирем», — деп жазды Нурмагомедов.

Белгилей кетсек, мурунку чемпион Хабиб Нурмагомедовго таандык Eagle Fighting Championship (EFC) боюнча аралаш мушташ боюнча мелдеш биринчи жолу Чолпон-Ата шаарында өттү. Ага атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедов өзү катышты.

Нурмагомедов Кыргызстанга алгач 2018-жылы келген. Анда ал Кыргызстанда  атактуу экенине таң калган.

Количество просмотров: 191