• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров Намибиянын президенти менен жолугушту

24 Аяк оона 202511:51 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Намибия Республикасынын президенти Нетумбо Нанди-Ндайтва менен жолугушту.

Тараптар өнүгүү баскычында турган кыргыз-намибия алакаларынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2000-жылы түзүлгөндүгү белгиленди.

Эки мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп берген эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон өз ара кызыкдарлыкты баса белгилешти.

Количество просмотров: 95