• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров Нур-Султан шаарына келди (сүрөт)

2 Жалган куран 2021 10:47 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстан Республикасына мамлекеттик иш сапар менен келди.

Нур-Султан шаарынын эл аралык аэропортунда Мамлекет башчысын Казакстандын вице-премьер-министри — тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, энергетика министри Нурлан Ногаев жана Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов тосуп алышты.
Нур-Султан шаарынын эл аралык аэропортунда Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.

Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара алакалардын келечегин талкуулайт.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин жана Премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушат.
Ошол эле учурда, мамлекеттик сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган.

Количество просмотров: 195