• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров: «Окуучунун апасы мектеп мугалимин тилдеген жагдайды көрүп, абдан капа болдум»

20 Жетинин айы 202413:56 Бишкек Govori.TV

Буга чейин Бишкектеги мектептердин биринде окуучунун энеси класска кирип барып, мугалимди окуучулардын көзүнчө кемсинткен чыр-чатак социалдык тармактарга тарап кеткен. Бул окуяны Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева жеке көзөмөлгө алган. Окуучулардын көзүнчө басмырланган шаардагы №57-мектепте иштеген мугалим ишинен бошоп кеткени белгилүү болгон.

Бүгүн, 20-ноябрда президент Садыр Жапаров “Жылдын мыкты мугалими” жана “ Жылдын мыкты тарбиячысы” сынактарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөп жатып, бул окуя боюча пикирин айтты.

«Ушул жерден жакында эле болуп өткөн кейиштүү окуяга токтоло кетейин. Бир окуучунун апасы мектеп мугалимин «баламды урушасың» деп тилдеген жагдайды көрүп, абдан капа болдум. Мен билгенден сабак маалын – 45 мүнөттүк сабак учурун ата-эне түгүл, ошол мектептин директору эле эмес, керек болсо министр дагы барып токтотууга укугу жок. Ал эми жогорудагы жосунсуз жорукта 45 мүнөт сабак токтогону аз келгенсип, «мугалим» деген улук аттын кадыр-баркы тебеленип, ошол жерде мугалим болсом деген канча окуучунун ой-кыялы талкаланды. Мындай түркөйлүккө мектепте да, бала бакчада да, керек болсо коомчулуктун кайсыл жеринде болбосун жол бербешибиз керек. Биз мугалим менен тарбиячыны ушундай салтанаттуу иш-чараларда эле эмес, иш жүзүндө коргоп, колдоп, көтөрүп алышыбыз кажет. Тамга таанытып, көзүбүздү ачып, ушул деңгээлге жеткирген мугалимдерибиз менен тарбиячыларыбыз бир эле мектеп менен бала бакчаларда эмес, кайсы жерде болбосун, бийик сый-урматка татыктуу болушун камсыз кылышыбыз шарт!», — деди президет.

Количество просмотров: 249