• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров Орбандан фармацевтиканы колдоону өтүндү

6 Жетинин айы 202410:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстан дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын импортуна көз каранды экенин белгилеп, Кыргызстандын фармацевтика тармагын өнүктүрүүнү колдоону Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандан өтүндү. Бул тууралуу мамлекет башчы 5-ноябрда Бишкекте Виктор Орбан менен жолугушууда айтты.

Жапаров дары-дармек импорту керектөөнүн 97% түзөрүн, бул калктын ушул багыттагы коопсуздугун камсыз кылуу үчүн олуттуу кыйынчылыктарды жаратарын белгиледи.

«Урматтуу премьер-министр, жакында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Венгрияга барган учурда, Сиз Венгрия фармакология жаатында күчтүү экендигин билдирдиңиз. Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө биздин өлкө дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын импортуна көз каранды болуп саналат, бул керектөөнүн жалпы көлөмүнүн 97% түзөт. Бул калктын дары-дармек коопсуздугун камсыз кылуу үчүн олуттуу кыйынчылыктарды жаратат, өзгөчө коронавирус пандемиясы учурунда турмуштук маанилүү дары-дармектердин тартыштыгы байкалган. Ушуга байланыштуу Сизге Кыргыз Республикасынын фармацевтикалык тармагын өнүктүрүүнү колдоо өтүнүчү менен кайрылам. Венгриянын тажрыйбасы жана бул тармактагы жетишкендиктери биздин фармацевтикалык өндүрүштү өнүктүрүүдө чоң роль ойной алат деп ишенем. Мындан тышкары, биз венгриялык өнөктөштөр менен фармацевтика тармагында биздин кадрлардын квалификациясын жогорулатуу үчүн кызматташууга кызыкдарбыз», — деди президент.

Количество просмотров: 211