• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров Ош жана Жалал-Абад облустарына барат

17 Үчтүн айы 2023 10:47 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жумушчу программасынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырып, социалдык объектилердин курулушу менен таанышат, ошондой эле облустун тургундары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Андан ары министрлер кабинетинин төрагасы Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барып, ал жерде да бир катар жолугушууларды өткөрүп, айрым социалдык жана өнөр жай ишканаларынын иши менен таанышмакчы.

Количество просмотров: 100