• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жапаров Ошто жаңы курулган Электр тармактар ишканасынын имараты менен таанышты

1 Аяк оона 2023 16:21 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жана Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Ош электр тармактар ишканасынын (ОшЭТИ) жаңыдан курулган Ош шаарындагы жаңы түзүлгөн Сулайман-Тоо райондук электр тармактарынын (РЭТ) административдик имараты менен таанышты.

Энергетиктердин белгилөөсүндө, акыркы жылдары Ош РЭТнын тейлөө аймагынын кеңейиши жана объектилердин санынын көбөйүшү электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө олуттуу таасирин тийгизген. Анын натыйжасында 0,4-6-10-35 кВ электр жабдууларынын шарттуу бирдиги өстү, тармактарда режимдерди даярдоо, оперативдүү тейлөө, аварияларды жоюу процесси, пландуу оңдоо жана авариялык-калыбына келтирүү иштери татаалдашып, бул өз кезегинде Ош шаарынын калкын жана ага жакын жайгашкан Кара-Суу районунун калктуу конуштарын электр энергиясы менен ишенимдүү камсыз кылууга, б.а. тейлөө сапатына таасир берип келген.

Ошол себептүү, Ош шаарынын калкын электр энергиясы менен камсыздоодо тейлөөнүн сапатын жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн шаардын батыш бөлүгүнө жаңы райондук электр тармагын ачуу зарылчылыгы келип чыккан.

Белгилей кетсек, Сулайман-Тоо райондук электр тармактарынын административдик имаратынын сметалык баасы 79,6 млн сом. Курулуш иши 2022-жылы башталып, үстүбүздөгү жылдын август айында ишке берилди.

Количество просмотров: 181