• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Жапаров парламенттин депутаттары менен жолугушту

8 Бирдин айы 2022 0:25 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин фракция лидерлери жана тармактык комитеттеринин төрагалары менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн социалдык саясатынын жана экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу маселелери, Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча пикир алмашуу жүрдү.

Иш-чаранын катышуучулары аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу максатында мындай жолугушууларды ай сайын өткөрүп турууну макулдашышты.

Количество просмотров: 357