• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров: Президенттик башкаруу – адам укугун басынтуу, сөз эркиндигин чектөө дегендик эмес

28 Үчтүн айы 202113:49 Бишкек Govori.TV

Президенттик башкаруу – адам укугун басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө дегендик эмес. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришүү аземинде сүйлөп жатып билдирди.

«Тар, өзүмчүл кызыкчылыгы үчүн элибиздин байлыгын тоноп, уул-кыздарын кордоого аракет жасаган жеке басарлык, үй-бүлөлүк башкаруу эмнеге алып келээрин, аягы эмне менен бүтөөрүн жакшы билебиз. Ошондуктан, дагы бир мертебе кайталап кетейин, президенттик башкаруу – калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү. Аны менен бирге, президенттик башкаруу – өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган саясий-экономикалык программалардын, өкмөттүн алдына коюлган жана башка иш-чаралардын үстүнөн бекем көзөмөлдү, ошол иш-чаралар үчүн жооптуу структуралардан иштин натыйжасын талап кылууну да билдирет», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 169