• Шаршемби 7 Бештин айы 2022
  • Среда 7 Декабрь 2022

Жапаров Путинге көңүл айтты

27 сентября 2022 в 9:06 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Ижевск шаарындагы мектептеги ок атуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Россия Федерациясынын Удмурт Республикасынын Ижевск шаарындагы №88 мектепте ок атуудан адамдардын курман болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды абдан өкүнүч жана кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул трагедиядан жабыркагандардын бардыгынын тезирээк сакайып кетишин каалайм.

Орду толгус жоготуунун азасын жана кайгысын тең бөлүшөм”, — деп айтылат Мамлекет башчынын телеграммасында.

Количество просмотров: 2736