• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаров Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы менен жолукту

26 Бирдин айы 2021 9:04 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун алдында Садыр Жапаров ардактуу меймандар китебине каалоо-тилектерин жазды. Андан соң Кыргыз Республикасынын жана Россиянын Федералдык жыйынынын делегация мүчөлөрү тааныштырылды.

Садыр Жапаров менен Валентина Матвиенко кыргыз-орус кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштары боюнча пикир алмашты.

Валентина Матвиенко Садыр Жапаровдун алгачкы иш сапарынын Россияга жасалышы өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин тастыктарын белгиледи. Бул иш сапар кыргыз-орус мамилелеринин бардык чөйрөсүнө жаңы дем берип, стимул болоруна бекем ишенерин билдирди.

Валентина Матвиенко эки өлкө элдерин жалпы тарых байланыштырып турарын айтып, Санкт-Петербургдун депутаты катары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында миңдеген ленинграддык блокадачылар Кыргызстандын аймагына эвакуацияланганын, алардын арасында балдар да болуп, Ысык-Көлдүн жээгинде «жаңы коломтого» баш калкалаганын эске салды.

Матвиенко кыргыз элинин кең пейилдигин жакшы маанайда эскеришерин белгилеп, жаш муундар эки өлкөнүн жалпы тарыхын унутпашы керектигин айтты.

Ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достукту бекемдөөгө оң таасирин тийгизип жаткан парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл бурулуп жатканына ыраазычылык билдирди.

Количество просмотров: 101