• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров «Сөз эркиндиги жок, бизге кысым болууда» дегендерди Курултайга шайланып келүүсүн айтты

13 Жетинин айы 202411:56 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, алдыда боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууга чакырды. Президент бүгүнкү күндө шайлоолор мурункудай эмес, ачык жана таза өтөрүн, бардык система автоматташтырылганын белгиледи.

«Мурун кандай болгонун баарыңыздар эле менден жакшы билесиздер. “Карусель” дегенди колдонуп, бюллетендерди таңгактап урнага таштаган учурлар болгон. Азыр анын бири жок. Баардыгы автоматташтырылган. Бишкекте же облустардын борборунда туруп ар кыл айылдардагы өздөрүнүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлай алышат (БШК белгилеген тартипте аралыктан шайлайм деп 6-ноябрга чейин катталып койгондор үчүн). Бир шайлоо тилкесинен бир добуш берип, анан кайра башкасына бара коюп добуш берем деген “карусель фокустар” өтпөйт. Санарип системасы тигил же бул жаран кайсыл шайлоо тилкесинен добуш бергенин дароо көрсөтүп коёт. Өлкө боюнча баардык шайлоо тилкелеринде видеобайкоо камералары коюлган. Алар БШКнын башкы имаратынан түздөн-түз көрүнүп турат. Кыскасы, добуштар уурдалат, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланат дегенге кыпындай да негиз жок», — дейт ал.

Ошондой эле Жапаров 17-ноябрда шайланып келген депутаттар жер-жерлерден Элдик Курултайдын делегаттарын шайлашарын билдирди.

«»Сөз эркиндиги жок, бизге кысым болууда» деген айрым «журналист сымалдар, блогер сымалдар» бар. Ошолорго айтаарым, өзүңүздөрдүн аймактан, шаарлардан, айылдардан Курултайга делегат болуп шайланып келиңиздер. Өзүңөрдүн эл алдындагы аброюңарды көрсөтүп, бийликке карата каалаган суроолоруңарды бериңиздер. Биз силерден кача турган суроо жана маселе жок. «Дүжүр Курултай болду же дүжүрлөр шайланып келишти» деген сөздөрдү кайталабаш үчүн бийликке нааразы болгон «блогерлер, журналисттер, активисттер, акылдуу сымалдар», Элдик Курултайга шайланып келип, болгон суроолоруңарды узатып, ой-пикирлериңерди, дооматтарыңарды түз эфирде ачык айтыңыздар»,-деди Жапаров.

Количество просмотров: 116