• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жапаров: Сабаттуулар берип жиберген жерлерди, сабатсыздар кайтарып жатабыз

17 Жетинин айы 2022 13:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкек шаарында 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” жана “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдардын долбоору талкууланууда.

Жыйында депутат Адахан Мадумаров белгилегендей, жаңы жободо эл аралык келишимди ратификациялоо үчүн Конституциялык соттун корутундусу зарыл деп жазылган. Юстиция министри Аяз Баетов Конституциялык сот аныкталбаган учурда жана кайрылуу болсо корутундусун берет деп жооп берди.

Адахан Мадумаров чиновникти сабатсыз деп атады. «Мамлекеттик чек ара маселесин күн сайын караган жокпуз. Биз келишимдерди карап чыктык. Сиз биринчи кезекте кимсиз? Өзүңдү тааныштырп койсоңуз», — деп талап кылды.

Жыйында президент Садыр Жапаров депутат Адахан Мадумаровдун айткан пикирлерине жооп берип жатып, министрди «сабатсыз» деп атоодон алыс болууга чакырды.

«Бул министрди сабаттуулугу жагынан сизге тең деле келет, балким ашат. «Сабатсыз» деген сиздин жакшы көргөн сөзүңүз… Бул министр орус, кыргыз, англис тилдеринде так сүйлөйт», — деди президент.

Ошондой эле Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча журүп жаткан иштерине кайрылып, төрт көчө келишими тууралуу айтты. Президент Мадумаров кезинде колгон келишимдери тууралуу да сөз козгоп, «Сабаттуулар берип жиберген жерлерди, сабатсыздар кайтарып жатабыз» деген пикирин айтып сынга алды.

Количество просмотров: 731