• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жапаров Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды  

16 Теке 20239:20 Бишкек Govori.TV

 Президент Садыр Жапаров Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радини кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда эки тараптуу кызматташтыктын өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелери тууралуу пикир алмашуу болду.

Президент мындан ары эки тараптуу өз ара аракеттенүү жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү үчүн колдо болгон чоң потенциалга өзгөчө басым жасады.

Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда Сауд Араб Падышалыгынын колдоосун жогору баалады.

Мамлекет башчысы туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты, тактап айтканда жакынкы арада эки өлкө ортосунда түз үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачууну канааттануу менен белгиледи.

Өз кезегинде, элчи Ибрахим бин Ради Аль-Ради президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдул Азиз Аль Сауддун жиберген жылуу саламын айтты.

Ал Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын өз ара аракеттенүүсү эки өлкөнүн лидерлеринин саясий ишениминин жана бекем саясий эркинин аркасында ишенимдүү өнөктөштүк жана достук духунда уланып жатканын белгиледи.

Элчи Садыр Жапаровго 19-июлда Жидда шаарында өтө турган Булуңдагы араб мамлекеттери жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Кызматташтык кеңешинин Саммитине катышуу үчүн Сауд Аравиянын падышасынын атынан чакыруу катын тапшырды.

Жыйынтыгында тараптар көп пландуу кызматташтыкты бекемдөөгө өз ара даярдыгын билдиришти.

Количество просмотров: 79