Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы бардык жетекчилерди өздөрүнө тагылган кызматтык милдеттерин гана так аткарууга, андан башка нерселер менен алектенбөөгө чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн, 27-февралда, Ынтымак ордодо өткөн республикалык кеңешмеде акыркы беш жылдагы жетишкендиктер жана алдыдагы милдеттер тууралуу баяндама жасап жатып айтты.
«Бийликтин эч бир бутагы саясий оюндар, жеке кысым көрсөтүү же өз көз карашын таңуулоо үчүн түзүлгөн эмес. Саясий оюндар менен алектенүүгө жол берилбейт, анткени чыр-чатакка, сенектикке, элдин ишенимин төмөндөтүүгө алып келет. Мурда дал ушундай саясий амбициялар мамлекеттик органдардын милдеттери менен аралашып кетип, өнүгүүнү кан буугандай токтотуп, демилгелерди артка тартып, натыйжада элдин ишенимине доо кетирген. Чечимдер эл үчүн эмес, чакан топтордун кызыкчылыгына кабыл алынган учурлар көп болгондуктан өлкөбүз ондогон жылдар бою ордунан жыла албай калган. Бүгүн биз интригаларды бул жакка коелу, ката кетирүүгө да акыбыз жок», — деди президент.