Президент Садыр Жапаров соңку күндөрү катталган табият кырсыгына байланыштуу жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар, Коргоо министрликтери толугу менен ишке тартылганын өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
Мамлекет башчынын жазганына караганда, ондогон үй-бүлө, анын ичинде 1150дөй адам убактылуу башка жакка көчүрүлгөн.
«Чоко-Дөбө айылынан 20 үй-бүлө (70 адам); Комсомол айылынан 45 үй-бүлө (150 адам); Миң-Өрүк айылынан 60 үй-бүлө (200 адам); Төөлөс айылынан үч үй-бүлө (15 адам); Таштак айылынан 50 үй-бүлө (180 адам); Жаңы-Айыл айылынан 30 үй-бүлө (130 адам); Б.Осмонов айылынан 60 үй-бүлө (220 адам); Атабеков айыл аймагынын Кара-Жыгач айылынан 13 үй-бүлө (50 адам) туугандарынын үйүнө, 10 үй-бүлө (37 адам) Төбөй айылындагы мечитке, 26 адам “Ислам” чайханасына убактылуу жайгаштырылды», — деп жазды президент Жапаров.
Мамлекет башчы жабыркаган үйлөр жакын арада калыбына келтириле турганын кошумчалаган.