• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров шайлоодон кийин «саткындарды» жоопко тарта турганын айтты

19 Жетинин айы 2021 17:03 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Баткен облустук медиа борборунун өкүлү менен маек куруп, региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу суроолорго жооп берди. Президенттин басма сөз кызматы ал маекти жарыялады.

Баарлашуунун жүрүшүндө Баткен облустук медиа борборунун өкүлү эмне үчүн Министрлер кабинетинде Баткен облусунан бир дагы мүчө жок экенине кызыкты.

«Эмне, Баткенден министр болсо эле Баткенди гүлдөтүп жибереби? Гүлдөтсө, 30 жылдан бери 30 министр, 30 депутатыңар болду. Эмнеге гүлдөтүп жиберишкен жок? Тескерисинче сазга батырып, сатып кетишиптир го. Азыр эми ошол сатылган жерлерибизди кайра кайтарабыз деп, ошолордун азабын тартып жатабыз», — деди Садыр Жапаров.

«Анда эмнеге саткындарды жоопко тартпай жатасыңар? Эл ушуну сурап жатат?», — деген журналисттин суроосуна жооп берген өлкө башчы ар бир иштин өзүнүн бүтчү убагы болот.

«Азыр шайлоо процесси жүрүп жатат. Мындай учурда суракка ала албайсың. Шайлоодон кийин суракка алып, дыкат териштирип, күнөөлүүлөрдү, мейли ким болбосун жоопко тартабыз. Саткындар, чыккынчылар үчүн мөөнөт чектелбеш керек.Силер баткендиктер, министрибиз жок, депутатыбыз жок деп кейибегиле. Мен силердин министриңермин, мен силердин депутатыңармын жана мен силердин президентиңермин. Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат. Кыргызстан Баткенден башталат. Чек араң бекем болбосо, өлкөңдө коопсуздук болбойт. Биринчи кезекте коопсуздук маселесине, андан кийин элдин жашоосуна, анан экономикасына көңүл буруп жатабыз», — деди ал.

Количество просмотров: 2286