• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров: Ширшов менен схема түзүп аны менен иштешкидей мен Максим же Айдар эмесмин

30 Бугу 2022 13:03 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, акыркы убакта коомчулуктун көңүл чордонунда болуп жаткан айрым суроолорго жооп берди.

Анда президент, “Ширшовдун схемасы” деген сөздөр парламенттин жогорку трибунасынан тартып, социалдык тармактарда да айтылууда. Бул боюнча сиздин комментарийиңизди уксак», — деген журналисттин суроосуна жооп берип, төмөнкүлөргө токтолду:

«Биринчиден, парламенттин табияты ушундай болот. Бир нерсени тактап, чын-бышыгына жетпей туруп эле сөздөр айтыла берет. Ар кандай деңгээлдеги депутаттар бар да, тазасы бар, таза эмеси бар дегендей. Бир чети парламент — сүйлөй турган институт. Сүйлөп тургандары жакшы.

Экинчиден, Ширшов менен 2010-жылга чейин бир туугандай болуп, бирге иштеген айрым депутаттар азыр парламентте олтурушат. Эл шайлады да, эмне кылабыз. 2010-жылга чейин кайдан, канча уурдаганын Ширшов айтып койбосо экен деген ой-санаа басып жатса керек. Ошол үчүн паламенттин трибунасынан ызы-чуу салып жатышат. Ширшов менен схема түзүп аны менен иштешкидей мен Максим же Айдар эмесмин. Тескерисинче, кимде-ким аны менен схема түзүп иштеше баштаса, мейли ким болбосун баары камалат. Мурдагы заман жок. Мындан ары канча уурдасаң, ошону жүз эселеп казынага төгүп берип анан кутуласың. Кечээ жакында эле миң доллар пара ала койгон бажычы камалып, жүз миң доллар төгүп кутулуп чыкты. Жыйырма миң сом пара алып кармалган жол кайгуул кызматкери эки миллион сом төлөп үй камагына чыкты. Мунун баарын УКМК, ИИМ, Баш прокуратура көзөмөлдөп турат. Албетте, коррупцияны жүз пайыз тыйып койдук дегенден алысмын. Биз билбей же көрбөй калган кылмыштар көп эле болушу мүмкүн. Бирок бийлик башындагылар мурдагыдай схема тузуп, паракорчулукка, уурулукка эч качан аралашпайт.

Ал эми соцтармакта жазып жаткан мекендештериме айтаарым, менин таза иштээримден эч качан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Мага байлыктын кереги жок. Башкаларга окшоп президент боло калып эле үч-төрт жылдан кийин мультимиллиардер боло калуудан алысмын. Ширшовду кабыл алып, ал билген маалыматтарды алып жатамбы, демек, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек. Акаевди чакырып кабыл алдымбы, демек, бул дагы мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн аба менен суудай керек болгон. Бул маселелер боюнча бир аз убакыттан кийин кенен айтып берем.

Ал эми Бакиевдерди актаганы жатат деген айрым чагымчылдардын сөздөрүнө көңүл бурбай эле койгула. Бакиевдерди эл унутканына 12 жыл болду. Алмазбек Атамбаев менен Исмаил Исаков эле унута албай коюшту. Бакиев дайыма мокочо болуп, экөөнүн түшүнө кирип турат окшойт (күлүп)», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 2026