• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Жапаров спортчулар Рустамбек уулу менен Исмаиловго батир берди

27 Тогуздун айы 20239:09 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров спортчулар Рустамбек уулу Нурадинге жана Амантур Исмаиловго батир берди.

Аларга Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда Шаар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Садыр Жапаров спортчулардын талыкпаган эмгегин баалоо, колдоо — мелдештерде жеңишке жетүү, жаштарды спортко тартууну пропагандалоо максатында жасалып жатканын белгиледи. Улан-кыздар спорттун кайсы бир түрүнөн өлкөнүн желегин эл аралык аренада бийик көтөрүп, даңазалаган чемпион, залкар инсан болууга умтулушса, жакшы болот, деп дени сак болууга үндөдү.

Количество просмотров: 150