• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаров түркиялык ишкерлерди Баткен облусуна инвестиция салууга чакырды

12 Жетинин айы 2021 9:19 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түркиянын ишкерлер чөйрөсү менен жолугушууда аларга Баткен облусуна инвестициялоону сунуштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекет башчысы түркиялык ишкерлерге облуска өзгөчө статус берилгендигин билдирип, бул аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү аркылуу жашоонун сапатын жогорулатууну камсыз кыларын белгиледи. Бул бизнести өнүктүрүүгө, жумуш менен камсыз кылууга жана аймактын өнүгүсүүнө мүмкүндүк берет.

Президент облустун аймагында өлкөнүн мыйзамдарында аныкталган өзгөчө жеңилдетилген (преференциалдык) салык жана инвестициялык режим иштерин кошумчалады.

Ал түшүндүрүп бергендей, бул аймакка инвестиция салган ишкерлер салыктын төрт түрүнөн бошотулат. Алар: мүлк салыгы, жер салыгы, пайда салыгы жана сатуу салыгы. Муну менен бирге өндүрүштүк максаттагы, пайдалуу жана муктаж болгон буюмдарды ташып келүүдө бажы алымы 0%га түшүрүлүп, киреше салыгы 10%дан 5%га түшүрүлөт.

Мамлекет башчысы Кыргызстан өндүрүштүк кызматташтыкты кеңейтүүгө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган, эки тараптуу кызыгууну арттырган агрардык тармактагы, тоо-кен жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Ал түрк компаниялары жана ишкерлери Кыргызстанда болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, биздин өлкөгө кошумча наркы бар биргелешкен ишканаларга жигердүү инвестициялай алышарын жана кыргыз-түрк кызматташтыгынын болгон потенциалын толук колдоно алышарын белгиледи.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров түрк инвесторлорунун долбоорлорун илгерилетүүдө ар тараптуу жардам берүүгө даяр.

Мамлекет башчысы бул жолугушуу Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-инвестициялык мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Жолугушуу жүрүшүндө Түркиянын бизнес-коомчулугу инвестициялык кызматташтыкты өстүрүү жөнүндө өз көз караштары менен бөлүшүп, Кыргызстандын экономикасынын ар кыл тармактарына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгуу артышты.

Түркиянын ишкерлери Кыргызстан менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана кызматташууга кызыгууларын билдиришти.

Президент Садыр Жапаров менен жолугушууга Түркиянын кен казуу, курулуш, энергетика, маалыматтык технологиялар, жеңил өнөр жай, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарындагы ири компанияларынын өкүлдөрү катышышты.

Количество просмотров: 101