• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Жапаров: Ташиев экөөбүздүн мамилебиз бузулбайт

23 Тогуздун айы 2021 13:33 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан басма сөз жыйынында Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев менен достук мамилеси тууралуу журналисттин суроосуна жооп берди.

“Экөөбүздүн мамилебиз жакшынакай, эч качан бузулбайт. 16 жылдан бери жакын таанышпыз, 2005-жылдан бери саясатта бирге келе жатабыз. Саясаттын суугуна тоңуп, ысыгына күйдүк. Баспаган чокту дагы бастык, сууну дагы кечтик. Ошондуктан мамилебиз мындан ары дагы бузулбайт. Биринчи 100% кепилдикти кудай берет, мен 99% кепилдик берем”, — деди президент.

Президент Жапаров Ташиев менен мамилесин бузууга кызыкдар саясатчылар бар экенин, Ташиевди парламенттик шайлоого барып, Жогорку Кеңештин төрагасы болууга үндөгөндөр болгонун билдирди.

Количество просмотров: 243