• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Жапаров: Ташиев экөөбүздүн ортобузда ажырым болбойт

16 Бештин айы 2023 18:40 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев экөөбүздүн ортобузда ажырым болбойт. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров II Элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди.

Жапаров аксакалдардын бири санаалаштарын Камчыбек Ташиев бийликти колго алууну көздөп жатат деген сыяктуу ушак таратууга үндөп жаткан видеосу бар экенин айтты.

«Ал Ташиев экөөбүздү кайраштырууга басым жасап жатканын көрүүгө болот. Мен бул видеону жарыялап, аксакалды уяткарып койсом деле болмок, бирок аны адам катары аядым. Ошондуктан мен мындай кылбайм. Азыр алар кичине тынчтанып калышты. Жалпысынан ушул сыяктуу кызыктар жактар бар. Мен үчүн Камчыбек Ташиев коркунучтуу эмес. Биз ортобузду бузууну көздөгөн мындай күчтөргө жол бербейбиз», — деп билдирди ал.

Количество просмотров: 158