• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жапаров: Ташиев менен үй-бүлөсүнүн бир тал чачын жерге түшүргөнгө биз мүмкүнчүлүк бербейбиз

23 Жетинин айы 2023 12:42 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин өзүнүн да, үй-бүлөсүнүн да коопсуздугу толук камсыздаларын бүгүн 23-ноябрда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал депутат Акбөкөн Таштанбековдун Ташиевдин коопсуздугу боюнча көтөргөн маселесине «Урматтуу Садыр Нуркожоевич атайын өзгөчө көңүл бөлүп жатат. Камчыбек Кыдыршаевичтин өзүнө да, үй-бүлөсүнө да биз бир да тал чачын жерге түшүргөнгө мүмкүнчүлүк бербейбиз эч кимге”, — деп жооп берди.

Кошумчалай кетсек, президент Жапаров Ташиевди кайтарууну дагы күчөткөнү 19-ноябрда белгилүү болгон.

Камчыбек Ташиев акыркы эки айга чукул убакыттын ичинде уюшкан кылмуштуу топторго, коррупциялык схемаларга тиешеси бар адамдар тууралуу бир нече жолу билдирүү жасады.

Количество просмотров: 254