Буга чейин Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековду президент кызматынан бошоткону белгилүү.
Kaktus.media сайты өз булактарына таянуу менен, бул кызматка бир кезде Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду бийликти күч менен басып алууга айыптоодон актап чыккан бир кездеги шаардык соттун судьясы Медербек Сатыев келиши ыктымал экендигин жазды.
М. Сатыев ушул иштен кийин «кылмыш ишин карап жатканда КР Кылмыш-процессуалдык кодексин орой бузгандыгы үчүн» кызматынан бошотулган.
Ал 2023-жылы Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору болуп, андан кийин Жогорку сотттун судьясы болуп иштеп жаткан.
Жогорку соттун төрагалык кызматына дагы бир талапкер Шерали Камчыбеков азыр Жогорку соттун төрагасынын орун басары болуп иштейт.
Ал дагы убагында 2019-жылы Садыр Жапаровго тиешелүү ишти караган.
Эмнеси болсо да Жогорку соттун төрагасы ким болору аз убакыттан кийин белгилүү болот.