Бүгүн УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таратып, бийликти күч менен басып алуу максатында массалык башаламандыктарды жана баш ийбөөчүлүк акцияларын уюштурууну пландаган адамдар кармалганын кабарлады. УКМКнын маалыматына ылайык, беш адам камакка алынган.
Алардын арасында “Элдик Кеңеш” саясий партиясынын төрайымы Роза Нурматова бар. «Аталган Н.Р.С.тин (ред: Роза Нурматова) жетекчилиги астында, бийликти күч менен басып алуунун пландарын талкуулоо менен тиешеси бар адамдарды мамлекеттик структураларга каршы үгүттөөгө багытталган жашыруун жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлгөн», — деп айтылган маалыматта.
Роза Нурматова 64 жашта экени ачык булактардан белгилүү болду. Ал 2011-жылы Кыргызстандын президенттигине талапкер Камчыбек Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.
Эмгек жолу: