• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров Ташиевге генерал-полковник аскердик наамын берди

31 Баш оона 202414:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-августта УКМК төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевге генерал-полковник аскердик наамы берилди.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев улуттук коопсуздукту камсыздоо, чек араны бекемдөө жана күч органдарын реформа кылуу боюнча алгылыктуу иштерди жасаганын айтты.

“Ал эми улуттук экономикабызга кедергисин тийгизип, эгемендик жылдары тамырын тереӊ жайган коррупция менен келишкис күрөш жүргүзүп, жеке өмүрүнө коркунуч келиши мүмкүн экенине карабай эбегейсиз иштерди жүргүзүп келе жатат”, — деди президент.

Садыр Жапаров 2021-жылы Камчыбек Ташиевге генерал-лейтенант, 2022-жылы “Ак шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргызстандын баатыры” наамын ыйгарган.

Количество просмотров: 206