• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров таштандыны туура эмес ыргыткан жарандарга нааразы болду

24 Бештин айы 202414:33 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, жарандарга кайрылуу кылды.

«Элибиздин арасында кайдыгер, балит адамдар бар. Айрыкча Бишкек, Ош шаарларыбызда. Мен шаар жетекчилерин «Таштанды челектин сыртына чейин таштанды чыгып кеткен, тазалабайсыңар, тазалыкты начар кармайсыңар!», — деп урушам. Алар мага ушул видеону жөнөтүштү. Эмне деген адепсиздик? Таштанды челектер бош турат. Машинадан чыга калып таштанды челектин ичине салып коюш ошончолук кыйынбы?! Анан мэрлерди «Таштандыны тазалап коюшпайбы, шарт түзүп беришпейби»?, — деп сындасаңар жаныңарга киши тура албайт. Мына ушул видеону жакындатып карасаңар кимдер экенин кошуналары тааныйсыңар. Уяткарып, тарбиялап койбойсуңарбы?! Коомду жалгыз киши тарбиялай албайт. Коом өзүн өзү тарбиялаш керек», — деп жазды президент.

Количество просмотров: 141