• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров Татарстан элине көңүл айтты

11 Бугу 2021 23:29 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-майда, Казань шаарындагы мектепке куралдуу кол салуудан курман болгондорго байланыштуу Татарстан элине көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Казандагы мектепке куралдуу кол салуудан улам окуучулар менен мектеп кызматкерлеринин курман болгондугу жана жаракат алгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана окуяда жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм.

Орду толгус оор жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Количество просмотров: 159