• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Жапаров Татарстанга барды

20 Бирдин айы 202422:52 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Татарстанга барды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президенттин борту Казань шаарындагы Г. Тукай атындагы эл аралык аэропортуна конгон. Жапаровду Татарстандын башчысы Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышкан.

Эске салсак, Садыр Жапаров “Келечек оюндары” эл аралык спорттук мелдештеринин расмий ачылыш аземине катышат.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында мамлекет башчы Россиянын президенти Владимир Путин жана Рустам Минниханов менен жолугушат.

Количество просмотров: 96