• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров Тажикстанга учуп кетти. Коштоп кеткен делегациясынын курамы…

14 Аяк оона 202310:56 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Тажикстандын Душанбе шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:

  • министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев;
  • энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Белгилей кетсек, сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Количество просмотров: 1202