• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров: Токмок шаарында Ислам академиясы ачылат

11 Аяк оона 202514:23 Бишкек Govori.TV

Токмок шаарында жакынкы күндөрү Ислам академиясы ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин диний лидерлеринин делегациясы менен жолугушуу учурунда билдирди.

Президенттин айтымында, Ислам академиясы диний сабаттуулукту жогорулатуу жана диний кызматкерлердин билимин арттыруу, кайра даярдоо максатында ачылмакчы.

Садыр Жапаров ошондой эле жарандардын дин тутуу эркиндигин камсыздоо максатында жаңы мыйзам кабыл алынганын кошумчалады.

Количество просмотров: 151