• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаров тоо-кен тармагынан 48,3 млрд сом киреше киргенин айтты

20 Үчтүн айы 2023 12:03 Бишкек Govori.TV

Чыныгы аракеттер менен кыялдар орундала тургандыгын көрсөтө алдык. Көптөгөн жылдар бою ар кандай себептер менен токтоп турган ири долбоорлорду ишке киргизе алдык. Экономикабыздын локомотиви «Кумтөр» кени Кыргыз Республикасынын элинин энчисине кайтарылды. Бул эгемендүү Кыргызстандын тарыхында калат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы кошумчалагандай, тоо-кен тармагынан 48,3 млрд сом киреше кирди, бул көрсөткүч мурунку жылдарга салыштырмалуу эки жарым эседен ашык (2019-жылы 13 млрд сом).

«2021-жылы «Кумтөрдөн» 10 тонна алтын алдык, 2022-жылы бул көрсөткүч 17,2 тоннаны түзгөн, ошол эле учурда Улуттук банктын маалыматы боюнча, азыр бизде 40 тоннадан ашуун таза алтын калууда. Мындан ары ири кен-байлыктарыбызды мамлекет өзү иштетет, алардан түшкөн кирешелер жалпы элдин муктаждыгына жана стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Количество просмотров: 528