• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров: «Центерранын» акчасы 2011-жылкы президенттик шайлоого жумшалган

12 Бугу 202119:07 Бишкек Govori.TV

Centerra Gold Inc. компаниясы шайлоого таасир этип, өлкөнүн саясатына кийлигишкен. Бул тууралуу “Кумтөр” компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров жыйын учурунда айтты.

”2011-2012-жылдары Centerra Gold Inc. демөөрчүлүк каражатты мыйзамдарды бузуу менен которгон. Ал борбордук казыналык системадан тышкары колдонулган. 2011-жылы сентябрда Centerra компаниясы Жарандык турак жай куруу департаментинин эсебине РСК банкы аркылуу 10 миллион доллар которгон. Ага курула турган объектилердин тизмеси премьер-министр Алмазбек Атамбаев тарабынан 13-сентябрда бекитилген. Бул президенттик шайлоого чейин жана үгүт маалында болгон”, — деди Жапаров.

Количество просмотров: 3437