• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин куттуктады

20 Бештин айы 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери менен ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

“Урматтуу улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Сиздер мамлекеттин коопсуздугу менен аймактык бүтүндүгүн ички-тышкы коркунучтардан коргоо милдетин так аткаруу үчүн күн-түн дебей кызмат өтөп, Мекен үчүн канын-жанын аябаган каармандыктын бийик үлгүсүн көрсөтүп келе жатасыздар.

Акыркы үч жылдын ичинде улуттук коопсуздук органдары сан жагынан да, сапат жагынан да чоң өзгөрүүлөргө туш болуп, орчундуу жетишкендиктерге жеткени мени кубандырат.

Сиздердин жигердүү жана кесипкөй аракетиңиздердин натыйжасында өлкөбүздөгү маанилүү мамлекеттик жана коомдук институттардын туруктуу иштөөсү камсыз болуп, элибиздин жаратмандык эмгек менен алектенүүсүнө шарт түзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн улуттук коопсуздук органдарынын коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен аёосуз күрөшү жүрүүдө. Бул күрөштүн натыйжасын өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунда жашаган жарандарыбыз көрүп-билиши жана ага кол кабыш кылышы зарыл.

Дүйнөдө болуп жаткан коркунучтар менен чакырыктар, анын ичинде эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын кылмыштуу иштеринде заманбап технологияларды колдоно башташы, кибер кылмыштуулуктун өсүшү сиздерден жаңы ыкмалар менен жаңыча иштөөнү талап кылат. Ошол эле мезгилде коопсуздук органдарынын пайдубалы деп эсептелген чалгындоо жана контрчалгындоо иштеринин натыйжалуулугун мындан да күчөтпөсөк, бул негизги багытта олуттуу натыйжаларга жетише албайбыз.

Өлкө жетекчилиги улуттук коопсуздук органдарынын ишмердигин мезгилдин талабына жооп бере алгыдай техникалык, социалдык жана материалдык жактан камсыздоо маселесин ар тараптан арттырууну улантат.

Бүгүнкү кесиптик майрамда бүт өмүрүн мамлекетибиздин коопсуздугун жана элибиздин бейпилдигин камсыздоого арнаган коопсуздук органдарынын ардагерлерине өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем. Сиздердин өтөлгөлүү өмүрүңүздөр – жаш кызматкерлер үчүн мыкты өрнөк!

Урматтуу кызматкерлер жана ардагерлер!

Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм.

Эл-жерибиздин бейпилчилиги үчүн ак кызматыңыздарды уланта бериңиздер.

Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат жана темирдей бекем эрк каалайм”.

Количество просмотров: 76