• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров Виктор Орбанга “Түрк дүйнөсүнүн Жогорку орденин” тапшырды

6 Жетинин айы 202417:16 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-ноябрда, Венгрия Республикасынын премьер-министри Виктор Орбанга “Түрк дүйнөсүнүн Жогорку орденин” тапшырды.

Сыйлык Виктор Орбанга Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин жана байкоочулардын ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө, ошондой эле эл аралык аренада Түрк мамлекеттер уюмунун кадыр-баркын жогорулатууга өбөлгө түзгөн өзгөчө эмгеги үчүн ыйгарылды.

Тапшыруу аземинде Садыр Жапаров Венгрия Түрк мамлекеттер уюмунда өзгөчө орунду ээлей турганын белгиледи.

Количество просмотров: 247