• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров өз кайрылуусунда элди активдүү добуш берүүгө чакырды

28 Жетинин айы 2021 8:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди.

Мамлекет башчысы Бишкек шаарындагы № 1053 шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал добуш бергенден кийинки кыска кайрылуусунда элди активдүү добуш берүүгө чакырды.

“Ар бир берген добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн жана балдарыңыздардын келечеги аныкталат. Ошон үчүн дагы бир жолу сиздерден шайлоого активдүү катышып бериңиздер деп суранам”,- деди президент.

Ал добуш берүүгө жубайы Айгүл Жапарова менен чогуу келди.

Мамлекет башчы бүгүн, 28-ноябрда Түркмөнстанга жумушчу сапар менен барат. Ал жакта Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат. Ушул эле күнү Бишкекке кайтып келерин президенттик администрациядан билдиришти.

Белгилей кетсек, жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Количество просмотров: 394