• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту

11 Жалган куран 2023 11:14 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан Республикасында жумуш сапары менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын Жызак облусуна караштуу Достук районунун Манас айылында жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров Манас айылынын жашоочулары менен болгон жолугушууда чет жерде жашаган мекендештерге колдоо көрсөтүү президенттин жана министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. 

«Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасын көп кылымды камтыган жалпы тарыхыбыз байланыштырып турат. Биз тынчтыкта жана ынтымакта жашоону тагдыр өзү белгилеген бир тууган элдербиз. Манас айылын өнүктүрүү, бул жерде жашаган этникалык кыргыздардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча зарыл чаралар көрүлүп жатканы кубандырат. Ата-бабаларыбыздын тилин, маданиятын, үрп-адатын, каада-салтын сактай алганыңыздар абдан жагымдуу. Сиздерди тарыхый мекениңиз менен байланыштырган жип эч качан үзүлбөшү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, — деди ал.

Белгилей кетсек, 2018-жылы “Ыңгайлуу айыл” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Манас айылынын инфраструктурасы бир топ жакшырган. Алсак, Өзбекстан Республикасынын Президентинин демилгеси менен айыл элин таза суу менен камсыз кылуу үчүн 6,5 чакырым суу куурлары тартылып, 41 чакырым узундуктагы коллектордук-дренаждык тармактар тазаланган. Ошондой эле, 34 көп кабаттуу үйдүн чатыры оңдолуп, соода жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө пункттары курулуп, мөмөлүү жана декоративдүү бак-дарактардын көчөттөрү отургузулган болуучу. 

Мындан тышкары, заманбап үй-бүлөлүк поликлиника курулган жана эки жалпы билим берүүчү мектеп, бир бала бакча оңдоодон өткөрүлүп тиешелүү жабдыктар менен камсыздалган. Балдар аянтчалары, кичи футбол аянтчалары, стадион курулуп, тигүү цехтери ишке берилген

Количество просмотров: 102