• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Жол тандабас айдаган Ташиев менен Жапаров жолдордун абалын текшерди

26 Тогуздун айы 2023 14:52 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы аз убакыт мурда оңдолуп бүткөн ички жолдордун абалы менен таанышты.

Мамлекет башчысы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен биргеликте шаардын ушул жылы башталып, бүгүнкү күнү өз мөөнөтүндө оңдолуп, бүткөрүлгөн Курманбек, Малашев, Манас, Назаров, Балтагулов, Осмонов, Пушкин, Мамыр Баатыр, Байзаков көчөлөрүн автоунаа менен жол жүрүп, таанышты.

Көчөлөрдү кыдырган маалда бардык пландалган жерлерге асфальт төшөлүп, түтүктөр алмаштырылып, жөө адамдар өтүүчү жолдор салынып, тротуарлар жана түнкү жарыктандыруу орнотулгандыгы белгиленди. Бардык иштер мамлекеттин эсебинен жүргүзүлгөн.

Количество просмотров: 133