Судьяларды тандоо кеңеши Садыр Жапаровго Ысык-Көл, Чүй, Талас, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторундагы бош кызмат орундарына дайындоо үчүн 6 талапкерди сунушталган. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров бардык 6 талапкерди жактырып, судьялык кызматтарга дайындоо жөнүндө жарлык чыгарды.
6 судья дайындалган жергиликтүү соттор:
— Ысык-Көл облусу:
Ак-Суу райондук сотуна Маматкулов Русланбек Темиркулович;
Балыкчы шаардык сотуна Мамбетова Чинара Сталбековна дайындалды.
— Чүй облусу:
Аламүдүн райондук сотуна Чоткараев Тилек Устабаевич дайындалды.
— Талас облусу:
Талас облустук сотуна Султаналиева Айнура Кенжебековна дайындалды.
— Баткен облусу:
Баткен облустук сотуна Пазылов Мамасаит Мамытович дайындалды;
— Бишкек шаары:
Биринчи май райондук сотуна Жумагулова Жылдыз Таалайбековна дайындалды.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.