• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жапаров ЖККУ сессиясына катышуу үчүн Эгемендүүлүк Сарайына келди

23 Жетинин айы 2023 17:55 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда, Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин сессиясына (ЖККУ ЖКК) катышуу үчүн Минск шаарындагы Эгемендүүлүк Сарайына келди.

Иш-чарага келген өлкөлөрдүн лидерлерин Беларустун Президенти Александр Лукашенко тосуп алды.

Саламдашуу аземи менен чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.

ЖККУ ЖККнын ишине Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Россиянын Президенти Владимир Путин, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон жана Уюмдун Башкы Катчысы Имангали Тасмагамбетов катышууда.

Количество просмотров: 123