• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жапаров ЖККУнун башкы катчысын кабыл алды

10 Жалган куран 2023 15:38 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта, ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтында маалымдалат.

Аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо маселелери, ошондой эле Уюмдун алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Имангали Тасмагамбетовду жаңы кызматка киришүүсү менен куттуктап, аймактык жана эл аралык коопсуздукту чыңдоо үчүн Уюмдун максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга ал өзүнүн турмуштук жана кесиптик тажрыйбасын толугу менен жумшаарына ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров аймактагы коопсуздуктун гаранты болгон ЖККУнун алкагында кызматташууга Кыргызстан өзгөчө маани берерин белгиледи. Аскердик, маалыматтык жана гуманитардык мүнөздөгү чараларды координациялоо максатында Кыргызстан өз аймагында үстүбүздөгү жылы ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулгус боордоштук-2023» машыгууларын өткөрүүнү пландаштырууда.

“Белгилүү болгондой, куралдуу конфликттерде согуштук жана диверсиялык тажрыйбасы бар эл аралык террористтер ар кайсы мамлекеттерде көчүп-конуп, террористтик актыларды ишке ашыруу үчүн жарандарды жалдап жаткан коркунуч сакталууда. Буга биздин өлкөлөр да кабылып жатат. Буга байланыштуу мүмкүн болгон деструктивдик көрүнүштөргө өз убагында чара көрүү жана алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди күчөтүү зарыл. Өз кезегинде Кыргызстан өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрүп жатат”, — деп белгиледи Жапаров.

Буга байланыштуу мамлекет башчысы ЖККУнун ШКУ, КМШ, БУУ жана башка эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк өз ара аракеттерди өнүктүрүү зарылдыгына басым жасады.

“Кыргызстан ЖККУнун ролун жана авторитетин жогорулатууга кызыкдар. Уюмда ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү боюнча чоң мүмкүнчүлүктөр бар”, — деп ал баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров ЖККУнун компетенциясынын бардык аспектилери боюнча аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнү ырааттуу бекемдөө, коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына ыкчам жооп кайтарууга жөндөмдүү аскердик-саясий эл аралык уюм катары потенциалды арттыруу боюнча биргелешкен күч-аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Уюмдун жакынкы келечектеги программалары жана артыкчылыктары, ошондой эле ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Ошону менен бирге Имангали Тасмагамбетов президент Жапаровго төрагалык кылуучу тарап — Беларусь Республикасы тарабынан бекитилген ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин ноябрдагы (2022-жыл) сессиясынын чечимдерин ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын иш жүзүндө аткарылышы жөнүндө маалымат берди.

Тараптар ЖККУнун алкагында бардык багыттар боюнча натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Количество просмотров: 71