• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Жапаров жол киренин көтөрүлүшү боюнча пикирин билдирди

28 Чын куран 2021 12:00 Бишкек Govori.TV

Президент жол кире калк үчүн өтө жогору болбошу керектигин белгиледи. Бул тууралуу Садыр Жапаров “Балдар жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде Бишкектеги коомдук транспортторго болгон жол киренин көтөрүлүшү боюнча өз пикирин билдирип жатып, айтты.

“Бишкекте коомдук транспортторго болгон жол кире 2012-жылдан бери өзгөргөн эмес. Шаар мэрине бул маселени коомчулук менен талкуулоо боюнча тапшырма бердим. Эл тарифтин айынан кыйналбашы керек. Пенсия жана жөлөк пулдар да көптөн бери көтөрүлө элек. Бирок көп жылдан бери экономиканы өнүктүрө турган бир дагы завод, фабрикалар курулган эместигин түшүнүшүбүз керек”, — деди Жапаров.

Мамлекет башчысы жол кирени өзгөртө турганын карап жаткан шаарлардын мэриялары пенсионер, студент жана окуучулар үчүн жеңилдиктер түзүлүшү керектигин кошумчалады.

Эске салсак, Бишкек мэриясы жол кирени көтөрүүгө байланыштуу маселени коомдук талкууга койгон.

Количество просмотров: 328