Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыктардан улам болгон митингдерден кийин күтүүсүздөн өлкөдө бийлик алмашып, бийлик башына Садыр Жапаров келди. Жаңы өкмөт башчы менен анын курамы дагы жаңырды десек болот. Бүгүнкү күндө өз ордун сактап калган аткаминерлердин саны аз гана. Алардын ордуна шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп, митингге чыккан партиялардын өкүлдөрүнүн бир нечеси дайындалды.