• Жума 19 Теке 2024
  • Пятница 19 Июль 2024

Жапаров жумуш таппай жүргөн жарандар кайда кайрылса боло турганын айтты

30 Бугу 2024 14:44 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров фейсбук баракчасына билдирүү жазып, өлкө боюнча жумушчу күчү жетишпей жатканын айтты.

«Акыркы эки жылдан бери активдүү иштеп баштаган тигүү цехтери, курулуш компаниялары, ж.б. токтой баштады. Тейлөө тармагына да кызматкерлер жетишпей жаткандыгы боюнча кайрылуулар түшүп, компаниялардын жетекчилери чет өлкөлөрдөн келе турган жумушчулар үчүн квоталарды көбөйтүшүбүздү суранышууда.
Ошондуктан ушундай кайрылуу кылууга туура келди. Кимде ким жумуш таппай жүргөн болсо, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылыңыздар.
Алар сиздерге жумуштарды сунуштайт. Эмгек акылардын көлөмү 20 000-30 000 сом (иш жөндөмдүүлүгүнө жана иштин көлөмүнө жараша мындан да жогору болот).
Иш боюнча суроолоруңуздарга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тийиштүү адистери жооп берет.
Телефон аркылуу маалымат алуу иш күндөрү 09:00дөн 18:00гө чейин (ишемби, жекшемби – дем алуу күндөрү). Байланыш телефону: 1899″, — деп билдирүү жазды президент.

Количество просмотров: 270